Улуттук статистика комитетинде 10-июнда Ачык эшиктер күнү өтөт. Иш-чаранын темасы: "Колдонуучулар чөйрөсүн кеңейтүүнүн перспективалары: статистиканы колдонуучулар менен өндүрүшчүлөр ортосундагы диалог". Мекемеден билдиришкендей, катышуучуларга "Республиканын 2014-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгына карата социалдык-экономикалык абалы", "Калктын жашоо деңгээли", "Товар баалары жана тейлөөлөр", "Кыргызстандын тышкы соода байланышы", "Билим берүү тармагындагы тенденция" сыяктуу темалар боюнча маалымат берилмекчи. Маалыматты аталган мекемеден билдиришти.