Кытайда 113 жаштагы байбиче менен 70 жаштагы карыя баш кошушту

"Турмушка чыгуу эч качан кеч эмес". Бул кептин чындыгын жакында баш кошкон кытайлык 113 жаштагы Азатихан Савути байбиче менен 70 жаштагы Аймти Ахемти карыя ырасташты. 
Чет элдик маалымат каражаттарынын бүгүн, 6-июнда билдирген маалыматына таянсак, жубайлар май айында нике күбөлүгүн алып, карылар үйүндө чакан той өткөрүштү. 
Азатихан менен Ахемти карылар үйүндө 2013-жылы декабрь айында таанышышкан. Кемпирди бир көрүп жактырып калган Ахемти ошол күндөн тарта ага өзгөчө мамиле жасай баштайт. "Мен карылык сүйүүгө жол бербесе керек деп ойлогом. Көрсө, андай эмес экен. Абышкам жылуу мамилеси менен менин муз жүрөгүмдү эритип алды",- дейт дүйнөнүн эң кары келинчеги деп табылган Азатихан. Ал эми Ахемти болсо: "Экөөбүздүн ортобузда 43 жаш айырма бар. Бирок менин түгөйүм 60 жаштагыдай көрүнөт. Мен бактылуумун",- дейт.
 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
33SUUN
2014-06-06 15:07:16
Карыганда калжандаган чал турбайбы.Кыргыз окшойт.
+1
fea1990
2014-06-06 15:15:45
бактылуу болунуздар
0
profesor
2014-06-06 15:38:17
уйгурлар окшойт, бактылуу болгула эки жаш! мен быйыл уйлонойун деп жургом, силерди коруп мага али эрте окшойт деп ойлоп кеттим .
+7
kirpik
2014-06-06 16:18:24
професор боорду эздин го
0
jakula
2014-06-06 18:19:38
Мени дагы турмушка чык деп урушуп жатышты эле. Шашпай койсом деле болот экен да. Бактылуу жашашсын ,калган омурун.
+1
Aipri
2014-06-06 18:56:26
113 жаш кандай соонун ээ.
0
kyrgyzka90
2014-06-07 02:21:38
Алигиндай учун эмес бири бириге жолок болуш учун баш кошкон деп ойлойм. Бирок оздорунун жашынан жаш корунушот экен
+3
Lavanda
2014-06-07 09:50:23
43 жаш айырма болсо да эки жаш бири бирине жарашып калыптыр.Бактылуу карылык каалайм.
0
Aikoo2014
2014-06-07 15:26:15
Бактылуу болуп эле журо берсиндер эми.
0
depu
2014-06-07 16:47:43
Буларды коруп,мага дагы убакыт бар экен дебей,жашынардан бактылуу болгонго аракет жасагыла. Мага али эрте дебей. Экоонун окунгону эмне дейсинер оюнарча? ай жаштыгыбызда корушкондо,мындан дагы эки эсе,бактылуу болот элек деши мумкун.Менин жеке оюмча!
-1
demo009
2014-06-07 22:17:56
Кармашкан колуңар үзүлбөсүн,алдыңарды бала бассын,артыңарды мал бассын.
+1
Bella-life
2014-06-07 22:54:47
Уйгурларго дейм.
"Жизнь только начинается, все еще в переди" деген ушулда
+2
upol92
2014-06-08 01:49:09
Башта бактылуу болушпаса
Эми бактылук болуп түбөлүктүү бирге болушсун.
Бактылуулуктун эрте кечи жок.
0
aza.kg007
2014-06-13 00:32:46
Кооп балалу болсун. Хи.хихи
0
kerakg
2015-01-15 13:47:55
илгери жузбек, токсонбай, сексенбай дегендер болгон, кебетесинде эмес денсоолугу чындыгында, кемпиринин шайы ооп калыптыр, чал дагы экинчисин алсамбы деп туру, дагы молодец гражданский брак кылбай кубелик алып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан