Жалал-Абад облусунун район-шаарларында 2014-жылдын алгачкы 5 ай аралыгында 8 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкүлчүлүктүн резервдик фондунан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ооган согушундагы курман болгондордун эстелик-мемориалын кайрадан жаңыртууга акча каражат бөлүнүп берилген.
Ошондой эле жергиликтүү белгилүү маданият кызматкерлерин, облустагы мугалимдер арасында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн жумшала турган каражаттар да бөлүнүп берилген.