Нурсултан Назарбаев түрк тилдүү мамлекеттер биргеликте телеканал ачуу керектигин сунуш кылды

Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев түрк тилдүү мамлекеттер биргеликте телеканал ачуу керек деген пикирин айтты. Муну Назарбаев кечээ, 5-июнда Түркиянын Бодрум шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык боюнча мамлекет башчыларынын кеңешинин IV саммитинде билдиргенин Казакстандын ММКлары жазып чыгышты.

Айтымында, сунушталып жаткан телеканал англис, орус, түрк тилдеринде обого чыгарылат.  

Эгер биз “Аль Жазир” же “BBC” телеканалдарына окшош кылып дүйнөлүк телеканал ачсак, түрк тилдүү өлкөлөрдүн мурастарын жайылтууда чоң роль ойномок”,- дейт Назарбаев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан