"Кыргыз алтын" ААКсынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдангандыгы айтылууда. Бул тууралуу 6-июнда Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, акционердик коом тарабынан түшкөн материалдар боюнча кызматтык иликтөө жүргөн. Анда жооптуу жактар кызмат абалынан пайдаланып, мүлккө зыян келтиришкени аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.