“Биздин коомдук жана профсоюздук ишмерлер “Кумтөргө” сатылып кетишти”,- деп билдирди Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” фракциясынын 6-июндагы жыйынында. Депутат “Кумтөрдө” иштин токтоп калуусу тууралуу сөздөрдү мисал келтирди. “Эгер өкмөт тоо иштерин жүргүзүү планын бекитип бербесе, ишкана токтойт деп жатышат. Биздин коомдук жана профсоюздук ишкерлер сатылып, “Кумтөрдүн” куурчагы болуп калышты. Биз алтын кендеги чыныгы экологиялык абал кандай экенин териштиргени жатабыз”,- деди депутат.
Айта кетсек, фракция жыйынында “Кумтөр” кениндеги экологиялык абал талкууланууда.