ЖКда жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн 2014-жылга жылдыруу сунушталды
Бүгүн, 14-декабрда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинде өкмөттүн "КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгеси каралып, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев маалымат берди. Анын айтымында, өкмөт тарабынан жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн 2014-жылга жылдыруу максатында «КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушталып жатканын айтты. Жарандар 2012-жыл үчүн 2013-жылдан тарта декларация бере баштоого тийиш эле, бирок өкмөттүн ал иш-чарага карата азырынча даярдыгы жетишсиз, даярдык көрүү иштери быйыл жыл аягына чейин толук аяктоого тийиш. Депутаттар тарабынан салыктык декларация ээсинин берген маалыматтары сыр катары сакталууга тийиш экендиги белгиленди.