Бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында жер силкинүү катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 6-июнда саат 07:40 чамасында Ысык-Көл облусунун түштүк тарабында жер титиреген. Анын очогу Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышты карай 35 чакырым аралыкта болгон. Жер силкинүүнүн күчү борборунда 3 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор болгон жок.