Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде автоунаа күйүп кетти

Кечээ, 5-июнь күнү Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде автоунаа күйүп кетти. Бул тууралу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, кечээ саат 17:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда Форд Транзит унаасы өрттөнүп баштаган.

Ашууда нөөмөттө турган КРнын ӨКМнын Тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, тоннелдин ичинен 3 адамды алып чыгышкан, каза болгондор жана жабыркагандар жок. Күйүп кеткен унаа Жолдорду эксплуатациялоочу мекемесинин техникасы менен чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulperi.kg
2014-06-06 15:00:31
кудайга шугур
0
fara2503
2014-06-08 00:48:27
бул окуяга озум кубо болдум кудай жалгап жабыркагандар болгон жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан