Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаевдин 2013-жылы алган маянасы 955 495 сом. Кошумча кирешеси 2 миллион 162 446 сом. Ошондо депутаттын былтыркы жалпы кирешеси 3 миллион 117 941 сомду түздү. Депутаттын мүлктөрү булар: үй, аянты 268 чарчы метр, административдик имараттын бир бөлүгү, аянты 78,7 чарчы метр, батир, аянты 73,2 чарчы метр. Автоунаасы: 2013-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр.
Депутаттын жакындары былтыр 227 838 сом киреше табышса, аларга караштуу 271,3 чарчы метр жерди ээлеген батир, Ниссан Мурано жана Лексус LX автоунаалары бар.