Өткөн сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте жеңил унаа күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектеги Жайыл баатыр жана Дооронбек Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Хундай-Соната үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кеткен. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгыш себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан