Өмүрбек Текебаев: “Келдибековдун ак же кара экенин сот гана чечет”

"Камакта отурган депутат Ахматбек Келдибековдун ак же кара экенин сот гана чечет". Муну “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 5-июнда "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди. 

“Келдибековдун үстүнөн иш козголгон, аны эми сот чечет. Сот ак же кара деп чечим чыгарат. Ал эми жол тосуп турган туугандары да жөнөкөй адамдар эмес, алар деле мамлекетке зыян келтирип жатышканын түшүнүшсө керек. Бир ууч адамдар жол тосуп же митингге чыгып мамлекетти басынтпаш үчүн мамлекет тың болушу керек. Учурда укук коргоо органдары депутаттын жакындары менен сүйлөшүп жатса, эки-үч күндө жыйынтыгы чыгып калса керек”,- деп кошумчалады Ө.Текебаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан