14-январда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “КРнын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, айрым чыгымдардын киреше булактарын кайрадан тактап чыгуу үчүн кайтарылып берилди. КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Соцфонддун 2013-жылдагы киреше бөлүгү 34 миллиард 239 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 35 миллиард 760 миллион сомду түзөт. Ал эми каржы тартыштыгы 1 миллиард 521 миллион сом болору болжолдонууда. Абылгазиевдин айтымында, 2013-жылдын май айында пенсия орто эсеп менен 10 пайызга көтөрүлүп, ал азыркы орточо 4270 сомдон 4696 сомго чейин жогорулоого тийиш.