Бүгүн, 6-июнда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын каржы-экономика системинин 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Ага катышкан президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.
Президенттин куттуктоосунда булар айтылат:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын каржы жана экономика тармагынын кызматкерлери!
Бардыгыңыздарды өлкөбүздүн каржы жана экономика системинин 90 жылдык мааракеси менен куттуктайм! Күчтүү каржы-экономикалык систем – өнүгүүнүн негизи. Жаңы ишканаларды ачууга, жумушчу орундарды түзүүгө, сапаттуу продукция өндүрүүгө жана аны менен тышкы рыноктордо атаандашууга шарт түзөт.
Каржы жана экономика тармагында иштөө оңой эмес. Биз жеткен ийгиликтердин артында сиздердин көп жылдык эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, ишке болгон жооптуу мамилеңиздер турат.
Бир топ иш жасалды, бирок алдыда мындан дагы арбын милдеттер бар. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жакынкы жылдардагы негизги милдеттер катары макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү, экономикалык өсүштү камсыздоо аныкталган.
Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшайлы. Биргелешип өлкөбүздү бутка тургузалы! Карапайым мекендештерибиздин турмушун өзгөртөлү. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!”