Валерий Диль: "Кыргызстан Бажы биримдигине кирер алдында биз жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүшүбүз керек"

КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргызстандагы жеңил өнөр жай тармагында эмгектенгендерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 6-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу жеңил өнөр жайдын иштермандары!
КРнын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Бир канча убакыттын ичинде өлкөдөгү өнөр жай тармагы экономикадагы ири секторлордун бирине айланганын белгилегим келет. Кыйынчылыктарга карабастан, сиздер 150 миң адам эмгектенген тармакты сактай алдыңыздар.
Өнөр жай кызматкерлеринин эмгектери «Made in Kyrgyzstan» деген бренд менен жакынкы чет өлкөлөрдө сыйга татып келет. Тигүүчүлөрүбүздүн өнүгүү перспективасы зор экенин айтып, келечеги кең экенине ишенем. Кыргызстан Бажы биримдигине кирер алдында биз бул жааттагы ишмердүүлүктү сактап калышыбыз керек. Баарыбыз бул кадамды колдоо менен жеңил өнөр жайды өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө аракет кылышыбыз зарыл.
Бул күнү сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан