Депутат Ыргал Кадыралиева Өзгөндөгү кыргыз-кытай чыр-чатагынан жабыр тарткан жарандардын абалы менен таанышты

ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева 13-январда Өзгөн районунун Куршаб айылына барып, кытай улутундагы жумушчулар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан чырдан улам жабыр тарткан жарандардын ал-абалы менен таанышып кайтты. Ооруканада жаткандардын айтымында, ушул убакка чейин кытай компаниясынын жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жабырлануучулардын абалын сурап, кошумча жардамдарды көрсөтүүгө эч ким барган эмес. Эл өкүлү жабырлануучулардын арыз-муңун уккандан кийин бул окуяга мыйзам чегинде баа берилишин, ошондой эле окуяда жарандардын ден соолуктарына олуттуу зыяндар келген болсо, мыйзам чегинде компенсация төлөө маселеси коюлушу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан