Айтмамат Кадырбаев Оштогу газ маселесине токтолуп, дебитордук карыз 5 миллион сомдон ашык экенин белгилеп өттү

Бүгүн, 6-июнда "Ата Журт" фракциясынын парламенттик жыйынында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Оштогу газ маселесин чечүү үчүн чаралар көрүлүп жатканын айтып, дебитордук карыз 5 миллион сомдон ашык экенин белгилеп өттү.

Ал жеке сектордо 34,1 миң керектөөчү, мамлекеттик 26 миң, коммерциялык 330 миң керектөөчү бар экенин кошумчалап, дебитордук карыздар негизинен калкка тиешелүү экенин айтты. Бул багытта иш-аракеттер жүргүзүлүп, карызды азайтуу чаралары көрүлүп жатканын кошумчалады. Ош шаарындагы катуу шамалда электр энергиясы үзгүлтүккө учураганына токтолуп, "калкты электр энергиясы менен камсыздоого аракет кылып жатабыз" деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан