Кара-Балта шаарынын тургуну "жашы жете элек кызды зордуктаган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 22 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну аталган шаардагы темир жол станциясынан 15 жаштагы кызга кол салып, күч колдонуп зордуктаган. Бул тууралуу зордукталган кыз апасына айткан.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү колго түшүрүлүп, ага карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалганы белгилүү болду.