14-январда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов шаардагы бир катар курулуш мекемелеринин иши менен таанышып чыкты. Алардын катарында жаңы курулуп жаткан унаа базары да бар. Аталган базардагы иштерди карап чыккан мэр: “Бул базарды куруу иштерин күчөтүү керек. Азыркы унаа базарга байланыштуу көйгөйлөр бар. Шаар тургундары жергиликтүү бийлик иштеп, аларга кам көрүп жатканын көрүшү керек. Бул базар казынага 100 миллион сомдон ашык салык төлөйт”,- деди. Айта кетсек, Ош шаарында учурда кызмат көрсөтүп жаткан унаа базары шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратып келет. Анткени базар жол жол жээгинде жайгашып, коомдук унаалардын каттамына тоскоолдук жаратат. Жаңы курулуп жаткан базардын аянты 12 гектар болуп, 500 унаа токтотуучу жай да кошо курулууда. Курулуш иштеринин 1-этабына 5 миллион сом каралганы белгилүү болду.