Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 6-июнда өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Айбек Мамыралиев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ал буга чейин аталган агенттиктин статс-катчысы болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, 5-июнда агенттиктин мурдагы директору Бабырбек Жээнбеков премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен бошотулган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан