Жалал-Абад облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында 5-июнь күнү саат 23:30 чамасында Кызыл-Бейит айылынын жайлоосуна баруучу жолдун Күрп-Сай - Кызыл-Бейит ашуусунда Опель Фронтера үлгүсүндөгү унаа 300-400 метр бийиктиктен сайга түшүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгондорду жана жабыркагандарды автоунаанын ичинен чыгарышкан. Каза болгондордун жансыз денелери милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматынын унаасында Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.