Парламенттеги "Ата Журт" фракциясы 6-июндагы жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимине келди. Мындай чечим Ош шаарынын газсыз калышы боюнча кабыл алынганы айтылды. Айта кетсек, жыйында Ош шаарына газ берүүнүн токтотулушу боюнча маселе каралып, анда "Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Ошко газ качан берилери дагы эле белгисиз экенин айтты.