Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын 6-июндагы жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов “Кумтөр” маселесин чечүүгө өкмөттө саясий эрк жок” деп билдирди. Депутат бул маселе каалоонун жоктугунан улам чечилбей жатат деп эсептейт. “Мурунку өкмөт менен азыркы өкмөттүн курамынын эмне айырмасы бар?”- деген депутат өкмөт “Кумтөр” боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошуна ишенбей турганын билдирди.
Айта кетсек, фракция жыйынында "Кумтөрдөгү" экология маселеси талкууланды.