Жылнаама, 8-июнь: Мындан 80 жыл мурун Фрунзе-Нарын аба жолу ачылган

* Мындан 80 жыл мурун, 1934-жылы Кыргызстандагы ПО-2 учагы Фрунзеден Нарынга багыт алган. Учкучтар бийик тоолуу Нарынга жетүү үчүн Балыкчы аркылуу кеткен аба жолун тандашып, Нарынга ийгиликтүү конушкан. Учкучтар Кыргыз обкомуна «Фрунзе-Нарын аба жолу ачылды» деп рапорт беришкен. Ошентип, тоолуу аймакты борбор менен байланыштырган аба жолу ишке киргизилип, тоолуу районго медициналык жардам көрсөтүү, илим-билим жана маданий багыттагы байланыштар ыкчамдаган.
* 8-Июнь - Океандардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Эл аралык деңгээлде океандар күнүн белгилөө маселеси расмий түрдө Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн саммите көтөрүлүп, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 2009-жылдын 9-февралында бул датаны майрам күн катары жарыялаган.
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы Бразилиянын Форталеза шаарынын аэропортуна конордо Боинг-727-212Ф учагы бакка урунуп, андан соң тоону сүзүп жарылып кеткен. Учакта болгон 137 кишинин баары көз жумган. 
8-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан