Өзбекстан бир апта ичинде газ бербесе, Сох анклавындагы өзбекстандыктарга газ берүү токтотулушу мүмкүн. Муну парламенттеги "Ата Журт" фракциясынын 6-июндагы жыйынында "Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан Ош шаарынын газсыз калышы боюнча кыргыз бийлигинин кайрылуусуна дагы эле жооп бербей жатат.
"Бизде да рычагдар бар, 27 миң жаран жашаган Өзбекстандын Сох анклавына газ Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Ал анклавына газды өчүрүп сала алабыз. "Газпром" дагы бир апта күтүп турууну, болбосо ушундай чара көрүүнү сунуштап жатат",- деди Кулмурзаев.