Аманкан Кенжебаев Сокулук районунун акими болуп дайындалды
Аманкан Кенжебаев Чүй облусундагы Сокулук районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Кубан Асанбеков Сокулук районунун акими кызматынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн сунуштамасынын негизинде бошотулду.