Жылнаама, 9-июнь: Мындан 50 жыл мурун Ысык-Көлдүн түбүнөн археологиялык буюмдар табылган

* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы СССРдин Суу алдындагы спорт федерациясынын вице-президенти Сергей Капица Ысык-Көлдүн түбүнөн кызыктуу археологиялык ачылыш жасалгандыгын кабарлаган. Акваланчы адистер көлдүн түндүк жээгинен убагында Тимур курган чептин калдыгын табышкан. Бул жерден карапа сыныктары, эски тыйындар, кооздолгон керамикалар чыккан. Окумуштуулар "шаар катуу жер титирөөдөн кыйрап, суу астында калган" деген божомолдорду айтышкан.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы Пакистандын Пешавар шаарындагы "Pearl Continental" мейманканасында жардыруу болгон. Кырсыктын кесепетинен 17 адам өлүп, 46 киши жараат алган.
* Мындан 164 жыл мурун, 1850-жылы Францияда коомдук-саясий клубдарды түзүүгө жана коомдук митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган.
9-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан