Өзбекстандан Ош шаарына жылына 50 миллион метр куб газ алынат. Маалымат бүгүн, 6-июнда "Ата Журт" фракциясынын жыйынында айтылды. Газдын 1000 метр кубу буга чейин 290 доллардан бааланып келген. "Кыргызгаз" ишканасы "Газпромго" сатылгандан кийин, тактап айтканда, 2014-жылдын 14-апрелинде Өзбекстан Ош жана Жалал-Абад шаарларына газ берүүнү себепсиз токтоткон. Бүгүнкү күнгө чейин расмий кайрылууларга жооп бере элек. Жыйында вице-премьер-министр Валерий Диль 4 күндүн ичинде Өзбекстан реакция жасабаса, кыргыз өкмөтү кескин чараларды көрөрүн билдирди.