Бакай-Ата районунда Токой фондунун карамагындагы 0,24 гектар жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткен

Бакай-Ата районунда Токой фондунун карамагындагы 0,24 гектар жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунун мурдагы акими 2013-жылдын 15-январындагы токтомунун негизинде 0,24 гектар жер тилкесин жеке менчикке берген. Ал жер тилкеси Токой фонунун карамагында болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын Бакай-Ата райондук башкармалыгынын кызмат адамдары аталган жер тилкеси Токой фондунун карамагында экенин билип турушуп А.К. аттуу жаранга каттап коюшкан. Учурда “КРнын жер мыйзамдарын бузуу” жана “жерге байланыштуу мыйзамсыз бүтүмдөрдү каттоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан