Феруза Жамашева: “Кадр жетишсиздиги курч, айрым судьялар бир айда 70 ишти караган учурлар болууда”

Кыргызстандын сот тармагында кадрлардын жетишсиздиги курч бойдон калууда. Муну орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева билдирди. Айтымында, Жогорку Сотто 35 судья иштеши керек болсо, учурда 30 судья иштеп жатат.

“Бишкек шаардык сотунда 8 бош орун турат, мындай көрүнүш республика боюнча бар. Айрым судьялардын айына 70 ишти караган учурлары болууда, норма боюнча 20дан ашык ишти карабашы керек. Мындай агым менен адам дем алышсыз иштеши керек болот. Өзгөчө оорчулук Бишкек жана Ош шаарларынын судьяларына туш келүүдө”,- деди Жамашева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан