"Ата Журт" “Центерра” менен сүйлөшүү жүргүзүүчү кеңештин курамына өкүл кошуудан баш тартты

Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясы "Электроэнергетика тууралуу" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына депутат Кантемир Мурзабековду сунуш кылды. Мындай чечим фракциянын 6-июндагы жыйынында кабыл алынды. 

Фракция мүчөлөрү “Центерра” компаниясы менен "Кумтөр" алтын кенин иштетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү кеңештин курамына өкүл кошпоо тууралуу чечимин да кабыл алды. Бул аракет аталган фракция мурда "Кумтөр" долбоору боюнча келишимди бузуу чечимин кабыл алгандыгы менен түшүндүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан