Бүгүн, 6-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу жеңил өнөр жайынын күжүрмөндөрү, бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Жеңил өнөр жайы - Кыргызстандын экономикасына бел болгон алдынкы тармактардын бири. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер оор мезгилдин сыноосун жеңип, тармакты кайрадан жандандырып, өнөктөштүк байланыштарды калыбына келтирип, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жол ачты. Акыркы жылдардын аралыгында кыргыз кийим тигүүчүлөрүнүн продукцияларынын экспорту 6 эсе өскөнү кубандырат. Тармак социалдык милдеттемесин толук аткарууда, башкача айтканда, он миңдеген мекендештерибиз эмгектенип жатышат.
Бүгүн Кыргызстан чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Бажы союзуна кошулсак, ата мекендик өндүрүштү калыбына келтирүүгө, өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларга жаңы, чоң рыноктор ачылат.
“Кыргызстанда жасалган” деген белги өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан жогорку сапаттын жана ийгиликтин көрсөткүчүнө айланууга тийиш!
Жеңил өнөр жай кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм! Ийгилигиңер арта берсин!”