15-16-17-январь күндөрү Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында кыргыз кинематографиясынын күндөрү белгиленет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн кинематография биримдиги билдирди. Иш-чара эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерине 20 жыл толушуна байланыштуу уюшутурулуп жатат. Буга байланыштуу 3 күндүн ичинде Тажикстандын телеканалдарында Кыргызстандын эң мыкты делген классикалык жана заманбап даректүү, көркөм тасмалары көрсөтүлөт.