Биз социалдык тармакта

Ырчы Анжелика Варумдун атасы, композитор, аранжировщик Юрий Варум 65 жашында каза тапты

Ырчы Анжелика Варумдун атасы, композитор, аранжировщик Юрий Варум 65 жашында АКШда каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда ырчынын жолдошу Леонид Агутин интернеттеги жеке баракчасына жазды. 

"Биздин үй-бүлө бүгүн аза тартып турат. Жармашкан оору жашообуздагы эң жакын адамыбыз, кеңешчибиз Юрий Варумду алып тынды. Биздин чоң үй-бүлө үчүн, өзгөчө жубайым Анжелика үчүн оор жоготуу болду. Ооба, билебиз, жашоо улана берет. Бирок анын ордун эч ким толтура албайт",- деп жазат ырчы Леонид өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Юрий Варум 1949-жылы 8-октябрда Беларуста төрөлгөн. Анын «Городок», «Ля-ля-фа», «Другая женщина» аттуу ырлары элге кеңири тараган. Юрий Варум акыркы 10 жылдан бери Майамиде жашап жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан