Мигранттарга колдоо көрсөтүү боюнча программа иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү сунушталууда

Бүгүн, 6-июнда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинде “Чет жердеги мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу” мыйзамдын аткарылышы талкууланды. Бул боюнча депутаттарга вице-премьер-министр Эльвира Сариева маалымат берди.

Талкууда комитет мүчөлөрү эмгек мигранттары менен тыгыз иштешүүнү, аларга маданий-билим берүү жаатында ар тараптан колдоо көрсөтүүнү сунушташты. Соңунда өкмөт мүчөлөрүнүн, ЖКнын тармактык комитетинин мүчөлөрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн, “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чет жердеги мекендештердин башын бириктирүү жана колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу багытында жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Жумушчу топ бир айдын ичинде комитетке мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгып сунуштамай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан