Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 6-июнда Мирослав Ниязовду Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине, Жаныш Рустембековду Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигине дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү Тышкы иштер министрлигинин сунуштамасы каралды.
Тармактык комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев М.Ниязов менен Ж.Рустембековдун дипломатиялык тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Жыйынтыгында депутаттар аталган өкүлдөрдү элчилик кызматка дайындоого макулдук берди.