Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов "Кыргыз алтын" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Мамытов бүгүн компаниянын жамаатына тааныштырылды.
Айта кетсек, “Кыргыз алтындын” буга чейинки жетекчиси Дилгер Жапаров өзүнө кылмыш иш козголгонуна байланыштуу иштен алынган эле.