Кыргызстандын жеңил атлеттери жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, континенттин биринчилигинде Кыргызстандын желеги астында Ксения Файсканова, Дарья Маслова жана Дмитрий Тимков жарышка түшөт. Мелдеште К.Файсканова 800 жана 1500 метр аралыкта күчүн сынаса, Д.Тимков 200 жана 400 метр аралыкта жарышка түшөт. Ал эми Д.Маслова 5 чакырым аралыктагы жарышта жарыш аянтына чыгат.