Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко 6-июнда АКШнын мамлекеттик катчысынын Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросундагы жардамчысынын орун басары Кэрен Ханрахан менен жолугушту. Никитенко Жогорку Кеңешке парламентаризмди, демократия принциптерин өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар менен илимий изилдөө иштерин жүргүзүүдө көмөктөшүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал тармактык комитеттин иши боюнча маалымат берди. “Ар башка фракцияларга таандык болгонуна карабастан, комитет мүчөлөрү олуттуу маселелерди кароодо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууда бирдиктүү команда катары иш жүргүзүп жатат”,- дейт Никитенко.
Ханрахан Кыргызстан адам укуктарын сактоо жаатында алдынкы орундарда турарын баса белгиледи. Жолугушууда көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, адам укуктарын коргоо системи акырындап түзүлөрү, өлкөдө демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө максатталган туруктуу иштердин болушу белгиленди.