14-январда, УМКК менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы эки тараптуу тыгыз кызматташуу келишимине кол койду. УМККнын басма сөз кызматы билдиргендей, келишимге УМККнын жетекчиси Бейшенбай Жунусов жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы Бактыбек Аширов кол койду. Буга ылайык, эки тарап маалымат алмашууда, коррупциялык жана экономикалык кылмыштуулук боюнча биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүүдө кызматташмакчы.