Кыргызстанга логистикалык борбор куруу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен "Emi Technologies & Financing" компаниясынын ортосунда 6-июнда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кыргызстандын айыл чарба азыктарын экспорттоону жакшыртуу үчүн логистикалык борбор курууга байланышкан меморандумга айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана аталган компаниянын башкы директору Игорь Литвин кол койду. Муну өкмөттөн билдиришти. 

"Кыргызстан айыл чарба азыктарынын сапатын жакшыртуу жана экспорттун көлөмүн жогорулатуу үчүн логистикалык борборго абдан муктаж",- деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан