Баткендин "Самаркандек" чек ара тозотунун кызматкери Ж.Сардалбек уулу 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Баткен гарнизондук аскер прокуратурасынан маалымдашты.
Маалыматка таянсак, "Самаркандек" чек ара тозотунда кызмат өтөгөн 8 аскер чогуу спирт ичимдиктерин ичишип, офицерлер тарабынан ичимдик ичүүнү токтотуу тууралуу буйрук болгондо ага сержант Ж.Сардалбек уулу баш бербей, колуна тийген буюмдарды талкалап, аскерлер ашканасындагы идиш-аяктарды сындырган.
Натыйжада "Самаркандек" чек ара тозотуна олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Аталган окуя боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, соттук кароого жөнөтүлгөн. Ал ушул жылдын 25-апрелинде чыгарылган Ош гарнизондук аскер сотунун өкүмү менен аталган кызматкер 2 жылга эркинен ажыратылды.