Жоомарт Оторбаев: “Кара-Кечеде 2 миллиард 300 миллион тонна көмүр запасы бар” (фото)

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 6-июнда Нарын облусундагы иш сапары учурунда "Кара-Кече" көмүр кенинде болуп, ал жердеги Кавказ көмүр бассейнинин иши менен таанышты. “Кыргыз көмүр” ишканасынын башчысы Мирлан Жакыповдун билдиришинче, мекеме көмүр казып алууга жана ташууга менчикке атайын техникаларды сатып алуу үчүн каржылык колдоого муктаж. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 2014-жылы Бишкек ЖЭБи "Кара-Кечеден" 100 миң тонна көмүр сатып алууну пландап жатканын айтты.

Жоомарт Оторбаев Бишкек ЖЭБи "Кара-Кечеден" көмүр сатып алууну улам көбөйтүшү керектигин билдирди. “Борбор шаардагы ЖЭБди жаңылоо иштери башталууда. Ал "Кара-Кеченин" көмүрүн пайдаланууга ылайыкташып курулат. Бул жерге жылуулук электр станциясы курулганы жатат, ага Кытай 3 миллион доллар бөлүүнү пландоодо. Бул жерде көмүрдүн кору (запасы) 2 миллиард 300 миллион тонна. Мунун өзү "Кара-Кеченин" келечектүү кен экенин билдирет”,- деди өкмөт жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан