“Сапаттуу жолдорсуз аймактарды өнүктүрүү мүмкүн эмес” деди Жоомарт Оторбаев

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 6-июнда Нарын облусуна жасаган иш сапарында түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун курулушу менен таанышып чыкты. “Биз бул жолдун курулушуна чоң маани беребиз. Аймактарды өнүктүрүшүбүз керек, сапаттуу жолдорсуз андай кылуу мүмкүн эмес. Жакында “Нарын – Улуу Жибек Жолундагы трансулуттук экономикалык байланыш” деген эл аралык инвестициялык форум өттү. Польшалык инвесторлор менен автозавод куруу боюнча сүйлөшүлдү. Бул өтө жакшы башталыш, Нарын облусу агрардык аймак экендигине карабай бул жерде өндүрүштү да күчөтүү зарыл”,- деди Оторбаев.

Айта кетсек, аталган жолдун курулушуна 850 миллион доллар жумшалганы жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан