Өкмөт: Түндүк-түштүк кошумча унаа жолу 2018-жылы бүтөт

Кыргызстанда түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун курулушу 2018-жылы бүтөт. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Аталган жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, 3 фаза менен курулуп бүтмөкчү.

Биринчи фаза: Жолдун узундугу 154 чакырымды камтыйт (Кызыл-Жылдыз айылынан Арал айылына чейин, Казарман айылынан Жалал-Абад шаарына чейин). Көк-Арт ашуусунда узундугу 3,7 чакырымды түзгөн тоннель болот. Бул фазага жалпы 400 миллион доллар жумшалат.

Экинчи фаза: Жолдун узундугу 96 чакырым (Аралдан Казарманга чейин). Бул бөлүккө узундугу 0,7 чакырым болгон тоннель салынат. Жалпы суммасы 284 миллион доллар.

Үчүнчү фаза: Жолдун узундугу 183 чакырым (Кызыл-Жылдыз айылынан Балыкчы шаарына чейин). Жалпы суммасы 166 миллион доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан