Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматы Чүйдүн Жайыл районундагы Вознесеновка айылынын сууга чөгүп кеткен тургунунун жансыз денесин табышты. Муну бүгүн, 7-июнда аталган министрликтен билдиришти. Аталган айылдын жашоочусу, 1996-жылы туулган Абдилда кызы Мартаба 6-июнда саат 15:00 чамасында сууга чөгүп кетип, анан жансыз денеси саат 19:20 чамасында эки көлмөнү бириктирген суу түтүгүнө тыгылып калган жеринен табылган. Кыздын денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.