Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 7-июнда Жалал-Абад облусунда иш сапары менен болду. Маматалиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси Жеңишбек Жоробеков жана башкалар Үч-Коргон ГЭСинин азыркы иш абалы менен таанышып чыгышты. Анда ГЭСтин ишке берилгендигине быйыл 53 жыл болгондугу, эң алгач 1 агрегат менен ишке киргизилген болсо, учурда 4 агрегат иштеп жаткандыгы айтылды.
ГЭСтин башкы инженери Алтынбек Айтикеев жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлгөнү менен, капиталдык оңдоо иштери создугуп келери айтылды. Вице-премьер-министр ГЭСтин муктаждыктарына мүмкүнчүлүккө карап болушунча колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.