Бүгүн, 9-июнда жаш лидерлер тобу Ак үйдүн алдында “Тезекпром” акциясын өткөрүшөт. Маалыматка таянсак, акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин алдында белекке окшоп оролгон тезектерди өрттөшөт. Акция соңку эки айдан бери Ош шаарына газ берилбей жатышына байланыштуу болот.
“Кыргызстандын түштүк жергесинде элдин газ жок отурганына 2 айдын жүзү болду. Токтогул ГЭСибиздин абалы кризиске кептелгени турат. Ушуларды эске алып, элибизди кышка карата кам көрүүнү азыртадан баштоого чакырабыз. Ушул максатта атайын "Тезекпром" ишканасы тарабынан даярдалган тезек акциясына чакырабыз”,- дейт активист Шайлообек Атазов.