Ош шаарында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 7-июнь күнү саат 09:00 чамасында Ош шаарындагы Ак-Буура-Араван каналына Матиз үлгүсүндөгү жеңил унаа түшүп кеткен. Анын кесепетинен Ош шаарынын 1985-жылы туулган тургуну А.Тешехожаев жана Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну М.Айдаралиев каза болгон.