Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 7-июнь күнү саат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында айдоочу Хонда Аккорд унаасын башкара албай Чычкан суусуна түшүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркаган. Жабырлануучулар жана каза болгон адам Токтогул райондук куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан райондук ооруканага жеткирилген.